Франция өлкөсү Кыргызстандын эл артисти Айтурган Темировага «Исскуство жана адабият орденинин офицери» наамын ыйгарды. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Айтурган Темировага аталган орден актрисанын карьерасына 50 жыл толгондугуна байланыштуу берилди.
«Искусство жана адабият ордени» — Франциянын Маданият министрлиги тарабынан берилүүчү сыйлык.