«Бишкек жашылдандыруу» ишканасынын жумушчулары Кыргызстандын эгемдендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30 клумба жасашты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 31-августунда өлкөнүн эгемендүүлүк алганына 30 жыл болот.
«Биз эгемендүүлүктүн символу кылып шаардыктарга жана калаага келген коноктор үчүн атайын эң кооз 30 клумба даярдадык», — деп жазылат маалыматта.
Майрамдык клумбалардын жайгашкан жери:
Жаштар аллеясы;
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алды;
Өкмөттүк скверлер;
Эмен багы;
Түштүк магистраль;
Ахунбаев менен 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан «Ынтымак-2» паркы;
Чолпон-Ата көчөсү.