Коом ФОТО — Кыргызстан аялдар кеңешинин форумунда бир катар маселелер талкууга алынды

ФОТО — Кыргызстан аялдар кеңешинин форумунда бир катар маселелер талкууга алынды

26-сентябрда «Хаят» мейманканасында “Лидер, жаратман жана саясатчы-аялдардын өнүгүүсү үчүн багыттар” аттуу Кыргызстан Аялдары Кеңешинин Улуттук Форуму болуп өттү.

Аталган форумга, жарандык активисттер, эл өкүлдөрү жана аймактардан келген айымдар, эксперттер катышты. Форумдун жүрүшүндө, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө аялдардын саясий катышуусун жогорулатуу, коомдук диалог жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү менен айымдар кеңештеринин лидерлик сапатын өнүктүрүү жолдору талкууга алынууда. Мындан тышкары, Ковид-19 пандемиясынын шартында кыргызстандык айымдардын жаңыланган айкын жаңы саясий миссиясы тууралуу сөз болду.

Өзгөчө басым, аймактардагы активист аялдардын өлкөдөгү экономикалык-социалдык процесстерге олуттуу саясий таасир тийгизүүсү үчүн аларга бардык шарттуу аянтча түзүү жана эффективдүү түрдө кызматташуусуна басым жасалды. Форумда Гүлнара Дербишева, Дамира Ниязалиева, Чолпон Баекова жана Гүлжамал Султаналиева доклад менен чыгышты.

«Чынын айтканда кандай иш-чара болбосун көз караштары бир адамдар бир багытка умутулушат эмеспи. Бүгүн аялдарга аянтча керек болуп жатат. Биз түзүп жаткан аялдар форумунда эч кимди сындабай, өзүбүздүн көйгөйдү чечүүнүн жолун караштырып жатабыз. Элет жеринде аялдар арасында көйгөйлөр өтө көп. Биз ал маселелерди баарыбыз биригип, аны чечүүдө биргелешип мамлекеттик органдарга сунушубузду берип жатабыз. Бул иш-чаранын шайлоого эч кандай тиешеси жок»,-деди Дамира Ниязалиева.

Мындай форум буга чейин Нарын облусунда өткөрүлгөн. Республикалык деңгээлди биринчи жолу өтүп жаткан маалы. Нарын аялдар кеңешинин төрайымы Сариева Бейшебүнүн айтымында, аталган аймакта аялдардын башын бириктирип, элдин социалдык турмушун жакшыртууда аялдардын салымы чоң болгонун баса белгиледи.

«Биздин уюшулганыбызга 3 жыл болду. Ал жылдары 300дөн айым лидер айымдар биригип, анда элеттеги көйгөлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп, 3 конференция өткөрдүк. Пандемия маалында дарыгерлерге акысыз тамак жеткирип бердик. Бала бакча, мектептерге белектерди берип жаттык. Биздин аймакта көйгөйлөр абдан көп, алсак миграция маселеси, балдардын ата-эне мээримин көрбөй жатышы, жумушсуздук ж.б.»,-деди ал.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келген аймдар түрдүү сунуштарын айтышып, бир добуштан Дамира Ниязалиеваны Кыргызстандагы айымдар кыймылынын кеңешинин төрайымы болуп шайланды.

Айымдарга берилген 30 пайыздык ченем менен чектелбей, мыйзамдуулук базасын бекемдөө зарылчылыгы белгиленди.