Коом Фото — Айсулуу Тыныбекова кыргыз кызынын чыныгы жүзүн көрсөттү

Фото — Айсулуу Тыныбекова кыргыз кызынын чыныгы жүзүн көрсөттү

Спортчу Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосун жазып, кыргыздын улуттук кийими менен түшкөн сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жүктөдү.

«Баарыңыздарды бүгүнкү мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

«Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы.

Бүгүнкү күндө тил маселеси, мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет! Андыктан келгиле достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү! Эне тилин билүү — улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси»,-деп жазат Тыныбекова.