Коом Финансы министрлиги 2022-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүн 6,5 пайыз деңгээлинде болжолдоодо

Финансы министрлиги 2022-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүн 6,5 пайыз деңгээлинде болжолдоодо

2022-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 6,5 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн коомдук угууда каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы коронавирустук пандемияга байланыштуу абал турукташкандан кийин экономиканын калыбына келиши болжолдонууда. Ал бара-бара күч ала баштайт, ишкердик активдүүлүк күчөйт.
«2022-жылга карата макроэкономикалык саясаттын негизги максаты экономикалык өсүштүн оң тенденцияларын сактоо жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу болот. Экономикалык саясат импорттун ордун толтуруу потенциалы жогору тармактарды өнүктүрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө, элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталат», - деди Алмаз Бакетаев.
2023-жылы ИДП 3,9 пайыз, 2024-жылы 4 пайыз деңгээлинде болжолдонууда.

Автор: Алмазбекова Дефне