Коом Эрулан Кокулов «Ынтымак» партиясы менен депутаттыкка аттанды

Эрулан Кокулов «Ынтымак» партиясы менен депутаттыкка аттанды

Не сахар” теледолбоорунун автору Эрулан Кокулов парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, «Ынтымак» партиясы менен барат. Бул тууралуу партиялаштары билдирди.

Буга чейин Эрулан Кокулов соцтармактагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жолдоп, депутат болуу дымагы бар экенин, алгач элдин пикири менен эсептеше турганын маалымдаган.

Не сахар” долбоорун тарткан 3 жыл ичинде элдин тамак-аш коопсуздугуна көп көңүл бурулбай, эл таштанды жеп жатыптыр. Мындан улам депутат болууда ыйгарым укугумдан пайдаланып, көйгөйдү жеринен чечүүгө өбөлгө түзүлөт эле«,-деп билдирген ал.