Коом Эрулан Кокулов депутаттыка талапкерлигин көрсөтөт. Баарынан элдин пикири маанилүү дейт ал

Эрулан Кокулов депутаттыка талапкерлигин көрсөтөт. Баарынан элдин пикири маанилүү дейт ал

«Не сахар» теледолбоорунун автору Эрулан Кокулов парламенттик шайлоого депутаттыкы талапкерлигин көрсөтөөрдөн мурда элдин пикири менен эсептешет. Бул тууралуу ал соц тармактагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, «Не сахар» долбоорун тарткан 3 жыл ичинде элдин тамак-аш коопсуздугуна көп көңүл бурулбай, эл таштанды жеп жатканын айтып, тынчсызданды. Мындан улам депутат болууда ыйгарым укугунан пайдаланып, көйгөйдү жеринен чечүүгө өбөлгө түзүлөт эле дейт ал.

«Не сахар” теледолбоору 2018-жылдан бери эфирге чыгып келет. Көрсөтүүнүн автору Эрулан Кокулов борбор калаадагы ири соода борборлору менен тез татым жайларынын санитардык абалын чагылдырып берет. Анда журналист тигил же бул товар кандай сакталып жатканын, имараттын ичинин тазалыгы тууралуу баяндап, көрсөтөт.