Коом Добуштарды кол менен эсептөө. Маалыматтар дагы үч бир мандаттуу шайлоо округунан алынды

Добуштарды кол менен эсептөө. Маалыматтар дагы үч бир мандаттуу шайлоо округунан алынды

БШКнын маалымат тутумуна бир жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуштарды кол менен эсептөө протоколдорун алуу уланууда.
Ошентип, Өзгөн, Кочкор жана Свердлов районундорунда шайлоо округдарынын УШКларынан 100 пайыз протоколдор келип түшкөн. Эсептөө боюнча жарыштын алдыңкылары алмашкан жок.
Биринчисинде шайлоочулардын 72,71 пайызы жалгыз талапкер Элмурза Сатыбалдиевге добуш берсе (АКСнын маалыматы боюнча 73,42 пайыз), экинчисинде Мирлан Самыйкожо жеңди. Ал 22,54 пайыз (АКС боюнча 23,34 пайыз) алган. Свердлов районунда  «бардыгына каршы» позициясында көпчүлүк — 37,51 процентти түзгөн.

Автор: Алмазбекова Дефне