Коом Дастан Бекешев миллион сомдон ашык киреше тапкан

Дастан Бекешев миллион сомдон ашык киреше тапкан

Ички киреше кызматы чиновниктердин 2020-жылдагы кирешеси тууралуу отчетун жарыялай баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берилди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы ал 1 миллион 279 миң сом киреше тапкан. «Киреше» статьясында эмгек акыдан тышкары 255 миц 152 сом көрсөтүлгөн. Кыймылсыз мүлктөн эл депутатынын аянты 113 чарчы метр болгон батири бар.
Дастан Бекешевдин жакын туугандарынын киреше булагы да, турак жайы да жок.

Автор: Алмазбекова Дефне