Саясат Данияр Нарымбаев абалы турукташканына байланыштуу УКМК тергөө абагынан кайрадан которулду

Данияр Нарымбаев абалы турукташканына байланыштуу УКМК тергөө абагынан кайрадан которулду

Бишкектеги «Бикард» жеке клиникасында дарыланып жаткан президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев абалы турукташканына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынан кайрадан которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 25-августта радиосуна билдирди.

“Негизи Нарымбаев коронавирус болуп, саламаттыгы начарлап, өпкөсү 50 пайыздан ашык эки тараптуу кагынгандыктан дарыланып жаткан эле. Абалы жакшырды дешти, бирок, жүрөгүнө операция жасалбай калды. Дарыгерлер анын жүрөгүнө операция жасоо зарыл экенин айтышкан болчу”, — деди Токтакунова.

УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.