Коом Дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Намас Жаныбеков сегиз айдан кийин табылды

Дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Намас Жаныбеков сегиз айдан кийин табылды

Дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Намас Жаныбеков аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгондордун жашаган жерин аныкташкан. Кемин районунда чабан болуп иштеген. Аны туугандарына алып кетишти.
Белгилей кетсек, Намас Жаныбеков 26-майда Новопавловка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ал кишинин тиштери такыр жок болуп, психикалык оорудан улам ориентациясынан ажырап калышы мүмкүн экени айтылган.

Автор: Алмазбекова Дефне