Коом COVID: Кыргызстанда соңку суткада 1,9 миң адам эмделди

COVID: Кыргызстанда соңку суткада 1,9 миң адам эмделди

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 1 9666 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда республикалык штаб билдирди.

Алардан:

— 951 адам биринчи доза менен,

— 1 015 киши экинчи доза менен эмделди.

Жалпысынан Кыргызстанда биринчи доза менен 978 653, экинчи доза менен 751 407 адам эмдөөдөн өткөн.