Коом COVID: Кыргызстанда 50 бейтапдын абалы өтө оор абалда

COVID: Кыргызстанда 50 бейтапдын абалы өтө оор абалда

Өлкөдөгү стационарларда 589 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен:

— 349 (59,2%) адам орто оор абалда,

— 190 (32,2%) адам оор абалда,

— 50 (8,4%) адам өтө оор абалда.

Андан тышкары 910 адам өз үйүндө дарыланууда.