Бүгүн, 18-августка караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 269 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID-19 тастыкталды.
Алар:
— Бишкек шаарында 114 адам;
— Чүй облусунда 73 адам;
— Ысык-Көл облусунда 27 адам;
— Жалал-Абад облусунда 22 адам;
— Талас облусунда 15 адам;
— Ош облусунда 14 адам;
— Нарын облусунда 7 адам;
— Ош шаарында 4 адам;
— Баткен облусунда катталган жок.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 172 937 адам COVID-19 менен катталды.
Акыркы суткада 5 бейтап көз жумду.