19-20 августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Саммиттин катышуучуларынын жана анын меймандарынын коопсуздугун камсыз кылууга, Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын бардык күч жана каражаттары тартылды. Ошондой эле, кошумча күчтөр республикабыздын башка региондорунан да тартылды.
Саммиттин иши ийгиликтүү өтүшү үчүн, ошону менен бирге курорттук шаардын жана ага жакын калктуу пунктардын тургундарына, эс алуучуларына ыӊгайсыздыктарды жаратпоо максатында башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте барды иш аракеттер колго алынган. Негизинен, Чолпон-Ата шаарында өтө турчу Саммиттин жүрүшүндө коомдук коопсуздукту миӊден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери сакташат.
«Көрүлүп жаткан иш аракеттер – официалдуу делегациялардын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге, шаардын ичинде, анын көчөлөрүндө укук тартибин сактоого багытталган. Ошол эле учурда, жарандарыбыздын күнүмдүк турмушунун ритми сакталып, алардын укуктарына чектөөлөргө жол берилбейт»,-деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жергиликтүү тургундарынын жана эс алуучулардын күнүмдүк жашоосуна таасир кылбайт. Болгону, Тамчы айылынан баштап, Чолпон-Ата шаарына чейинки негизги автожолунда транспорттордун жүрүшүүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ал эми, Чолпон-Ата шаарынан өтүүчү негизги автожолунда тыгын орун албаш үчүн, коомдук, оор жүк ташуучу транспортторго атайын айланма жолдор иштелип чыккан. Жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочуларга максималдуу түрдө жардам көрсөтүшүп, жол тыгынына учурабаш үчүн өздөрүнүн сунунштарын жана кеӊештерин берип турушат.
Коопсуздук боюнча көрүлүп жаткан аракеттер күчөтүлгөн тартипте иштейт жана милиция кызматкерлеринин өзгөчө көӊүлүндө болот.