Саясат Чолпон-Атада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны уланат

Чолпон-Атада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны уланат

Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны бүгүн 20-августта кеңейтилген форматта уланат.

Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны кечээ башталып, чакан форматтагы алгачкы жыйын жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Өкмөт башчылар менен президент Садыр Жапаров жолуккан.

Жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ооганстандагы соңку окуялар уюмга мүчө мамлекеттер жайгашкан аймакка таасирин тийгизбей койбосун, соңку кезде аймакта түрдүү жаратылыш кырсыктары да көп катталып жатканын, коронавирус боюнча абал да жакшы эмес экенин белгиледи.

Бүгүн өкмөт аралык кенештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтык документтерге кол коюлат.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.