Коом Чүй облусунун Новомихайловка айылында жаңы мектеп ачылды

Чүй облусунун Новомихайловка айылында жаңы мектеп ачылды

АРИС ишке ашырып келген КРнын Министрлер Кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чуй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылында 100 окуучуга эсептелген мектеп ачылды.

Жаңы мектепте 5 окуу классы, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, китептер үчүн архив бөлмөсү, тамактануучу зал, буфет, компьютердик класс, санитардык түйүн, кампа жана техникалык бөлмөлөр бар. Курулуштун жалпы аянты 828,6 м2.

Новомихайловка айылынын тургундары жаңы мектепке абдан муктаж эле. 1950-курулган 7 жылдык башталгыч мектеп архитектура-курулуш нормаларына жооп берчү эмес. Имарат пайдубалы жок курулуп, дубалдары самандан жасалган. Имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес. “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында сунуштардын арасынан Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башталгыч класстар үчүн мектеп куруу долбоору жактырылган.

Мектепти курууга 26 145 421 сом сарпталды, анын ичинен 25 822 648 сом донор тарабынан бөлүнгөн грант, Ал эми Чым-Коргон айыл аймагынын коомчулугунун салымы 322 733 сомду түздү.

Маалымат: “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн. АКШ долл. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар.