Коом Чүй облусунда жер титиреди

Чүй облусунда жер титиреди

Чүй облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 15-ноябрь күнү саат 18:20да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное, Нурманбет, Туз, айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.