Кайгуул кызматкеринин огунан каза болгон жигиттин окуясы боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул иш боюнча Аскер прокуратурасында Ички иштер министрлигинин 4 кызматкери көрсөтмө берип жатат.
Ички иликтөөнүн жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылды: 9 кызматкер ээлеген кызматынан алынды, 1 кызматкер жумуштан бошотулду, 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды.