Коом БШК жаңы система менен өтчү шайлоонун бюллетенин көрсөттү

БШК жаңы система менен өтчү шайлоонун бюллетенин көрсөттү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы система менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенин көрсөттү.

Ал учурда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүгү» аталышында ачык диалогдо сүйлөп жатат. БШК төрайымы саясий партияларга жана жарандык коомго жаңы система боюнча маалымат берүүдө.

Пропорционалдык система менен өтчү шайлоодо бюллетендин үстү жагына партиянын аталышы, астына анын тизмесиндеги 54 талапкердин номери коюлат.

Ал эми бир мандаттуу округдан шайлоо бюллетенинде талапкерлердин аты-жөнү катары менен жазылган.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленгени маалым. Азыр даярдыктар жүрүп жатат.