Коом БШК бир мандаттуу 15 округ боюнча шайлоодо жеңгендердин ысымдарын жарыялады

БШК бир мандаттуу 15 округ боюнча шайлоодо жеңгендердин ысымдарын жарыялады

Добуштарды эсептөө аяктагандан кийин, бардык даттануулар жана арыздар каралып, шайлоо өттү деп табылгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты боло тургандардын фамилияларын жарыялады.

1. Аламүдүн району - Сейдбек Атамбаев (26,3 пайыз добуш);
 2. Кара-Суу району - Искендер Матраимов (62,39 пайыз); 
3. Алай району - Улан Примов (50,63 пайыз); 
4. Араван району - Жалолидин Нурбаев (44,95 пайыз); 
5. Кочкор району - Мирлан Самыйкожо (22,54 пайыз); 
6. Лейлек району - Чынгыз Ажыбаев (33,56 пайыз); 
7. Сокулук району - Аманкан Кенжебаев (19,3 пайыз); 
8. Базар-Коргон району - Айбек Алтынбеков (60,29 пайыз); 
9. Ноокен району - Бактыбек Сыдыков (54,31); 10. Жайыл району - Нурланбек Азыгалиев (27,86 пайыз);
11. Москва району - Карим Ханлеза (19,8 процент);
12. Ош району - Айбек Осмонов (49,8 пайыз);
13. Октябрь району - Дастан Бекешев (48,07 пайыз);
14. Нарын округу - Улан Бакасов (53,3 пайыз);
15.Төлөйкөн району - Нурбек Алимбеков (40,2 пайыз).