Коом Бишкектин 60 көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. 14 көчө пайдаланууга берилди

Бишкектин 60 көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. 14 көчө пайдаланууга берилди

Акыркы убакта Бишкек шаарынын бир катар ири көчөлөрү оңдолуп, калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жаткан маалы. Ушул эле жылы ордо калаанын 41 көчөсүн оңдоо пландалган. Анын ичинен 14 көчө толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Азыркы учурда 27 көчөнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Айдар Апсиметовдун айтымында, калаанын көчөлөрүн өнүктүрүү долбоорунун алкагында ушул айда дагы 10го жакын көчө шаардыктарга пайдаланууга берилет.

“Жыл аягына чейин 8 көчөнү бүткөрөбүз. Ал эми дагы 19 көчө 2022-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү. Түштүк Магистрал көчөсүн күн батышты көздөй узартып, Алыкулов көчөсүнө чейин кошобуз. Андан тышкары Сухе Батор көчөсү да кеңейтилип, чоң жол салынат. Көпүрө курулат. Бул жолдун баары Кытай грантынын эсебинен салынып жатат. Бишкектин жалпысынан 60 көчөсү калыбына келтирилет”,-деди Апсиметов.

Жолдун сапаты талапка жооп берет. Эгер жооп бербесе жолду куруп жаткан компания өз каражатынын эсебинен кайрадан куруп чыгат. Бул мыйзамда белгиленген деди Апсиметов.  

Жолдон башынан аягына чейин биз жана атайын комиссия көзөмөлгө алып турушат. Мыйзамга ылайык, курулуп бүткөн жол 3 жылдан 5 жылга чейин кепилдык берилет. Эгер бул жылдары жолдун сапатында маселе жаралса, жолду оңдогон компания өз эсебинен кайрадан оңдоп чыгат”,- деди ал.

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун тургуну Өмүрзак Айдыкеевдин бул аймакта жашаганынан 7 жылдан ашты. Буга чейин Ашар көчөсү начар абалда болгондуктан, шаардыктарга ыңгайсыздыкты жаратчу. Эми алар түз жолдо көрүп, кубанычында чек жок.

Ак-Өргө конушундагы Ашар көчөсү буга чейин талапка жооп бербегендиктен жолдун тамтыгы кетип, өңгүл-дөңгүл болуп турчу. Ушул жакта жашаганыма 7 жылдай болду. Бул жолдун оңдолгонун көрүп, бул жерде жашагандар шаардык мэрияга ыраазы болуп эле отуруп калдык. Жолду куруп бүтүштү. Бирок бүтпөгөн иштери калды окшойт. Ачылышын чыдамсыздык менене күтүп жатабыз”,-деди Өмүрзак Айдыкеев.

Бишкек шаарынын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн негизги көчөлөр:

Оңдоого чейин жана оңдоодон кийинки көрүнгөн көчөлөр

Ашар көчөсү (Ак-Өргө конушу)

Буденный көчөсү

Жайыл Баатыр көчөсү

Мотросов көчөсү

Шералиев көчөсү

Буденный көчөсү