Коом Бишкектеги түнкү клубдун жанында транссексуалдар менен жаш жигит урушту

Бишкектеги түнкү клубдун жанында транссексуалдар менен жаш жигит урушту

Бишкек шаарында жаштардын ортосунда чыр чыкты, деп билдирди АКИpress агенттигине Милициянын кайгуул кызматы.

18-сентябрда түнкү саат 3:00 чамасында кайгуул кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндө кызмат өтөп жатышкан. Ошол учурда «Ретро-Метро» түнкү клубунун жанындагы чырды көрүшкөн. Ал жакта кыздар жаш жигит менен урушуп жатышкан.

Кайгуул кызматкерлери урушуп жаткан адамдарга барганда, аларга жаш жигит жардам сурап кайрылган.

«Мен кыздардын бирөөнө «качок» экенсиң деп эле айтып койгом», — деди ал кайгуул кызматкерлерине жана журналисттерге чырдын себебин түшүндүрүп жатып.

Жыйынтыгында урушка тиешеси бар бардык жарандар милиция пунктуна жеткирилген.

Жалпыга маалымдоо каражаттары чыр жаш жигит менен транссексуалдардын ортосунда чыкканын жазышты.