Коом Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылууда

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылууда

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылууда.

Үй Жусуп Абдрахманов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Имаратка балбан кыздын сүрөтүн түшүрүүнү DOXA чыгармачыл тобу колго алган.

Эскертке кетсек, Айсулуу Тыныбекова быйыл Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта күмүш байге алган. Ал – дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси.

Тыныбекова – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.