Коом Бишкекте жол кире кымбаттады

Бишкекте жол кире кымбаттады

Бишкекте 1-ноябрдан баштап жүргүнчүлөр троллейбуска жана автобуска 11 сомдон, маршруттук кичи автобустарга 15 сомдон төлөй баштады. Мындай сумманы шаардык кеңеш 28-сентябрда ушундай токтом чыгарган.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга 1,5 миң автобус зарыл экенин билдирген. Сентябрдагы эсепте 75 автобус, 120 троллейбус бар.

Муниципалдык транспорттон тышкары «Шыдыр жол» ишканасынын 14 автобусу каттамга чыгат. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келген. Булардан тышкары 600дөн ашуун кичи автобус эл ташыйт.