Коом Бишкекте жети миллион долларга сатылган жерге сейил багын куруу негизсиз

Бишкекте жети миллион долларга сатылган жерге сейил багын куруу негизсиз

Мурунку ресторандын ордуна сквер курулса, аталган райондогу үчүнчү парк болуп калат.

Бишкек мэри Азиз Суракматов «Нарын» рестораны кытай компаниясына 7 миллион долларга сатылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Эскерте кетсек, аталган жай архитектуралык маанидеги эстеликтер тизмесинен 2016-жылы чийилген. Бир жылдан кийин имаратты кытайлык компания сатып алып, түрттүрүп салган. Ал жерге «Хуалинь» деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруу пландалып, бирок ошол кездеги мэр Албек Ибраимов аталган аймак скверге айланарын, ал эми инвесторлорго башка жер тилкелери сунуштала турганын билдирген.

«Бул райондо «Театральный» сейил багы бар, андан тышкары Жеңиш аянты турат. Мындан улам үчүнчү сквер курууга негиз жок. Менин баамымда, «Нарын» рестораны шаардын сыймыктана турган курулушу болчу, дароо көзгө урунуп турчу», — деди Суракматов.

Буга чейин «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынан аталган аймактын ээлери байланышка чыкпай жатканы айтылган.

Булак: Sputnik Кыргызстан