Коом Бишкекте жаш дизайнерлердин «Саркеч көчмөн» сынагы өтүүдө

Бишкекте жаш дизайнерлердин «Саркеч көчмөн» сынагы өтүүдө

 Бүгүн, 25-сентябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында «Саркеч көчмөн» сынагы өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык сынакка ондон ашык жаш дизайнер катышууда.

Сынак улуттук колориттеги кийимдердин заманбап үлгүсүн эл алдына алып чыгуу менен таланттуу дизайнерлерди аныктоо жана чеберлерди колдоо максатын көздөйт.

Сынактын жыйынтыгы эртең, 25-сентябрда иш-чаранын расмий бөлүгүндө белгилүү болот.