Коом Бишкекте айдоочу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти

Бишкекте айдоочу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти

Бишкекте Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде болгон.
 Унаанын ээси Чыгыш автобекетинин жанында иштеген тазалык кызматкерин сүзүп алган. Эркек ошол жерден каза болуп, айдоочу кармалган. Тергөө иштери башталды.