Коом Бишкекте көмүр саткан экинчи кампа ачылды

Бишкекте көмүр саткан экинчи кампа ачылды

 Бишкек шаарынын Ден Сяопин №306 дарегинде кошумча көмүр сатуу кампасы ачылды. Бул жерде көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомго сатып алууга болот, деп билдирди «Кыргыз көмүр» мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кеченин көмүрүн арзан баада сатууну уюштуруу боюнча тапшырма берген. 16-ноябрда биринчи кампа ачылып, кезек күткөн адамдардын саны көбөйгөн болчу.

«Калк тарабынан көмүр сатып алуу суроо-талабы жогору болгондуктан кошумча дагы бир кампа ачылды», — деп айтылат маалыматта.