Спорт Бишкекте эл аралык дзюдо академиясы ачылды

Бишкекте эл аралык дзюдо академиясы ачылды

2-октябрь күнү Бишкек шаарында эл аралык дзюдо академиясынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Аземде кызыл лента кесип, куттуктоо сөздөрү сүйлөндү. Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки да катышты.

Академия Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулду. Анын аянты 3700 чарчы метрди түзөт. Академияда 8 татами бар.