Коом Бишкекте экологиялык себептерден улам Жаңы жылга карата майрамдык фейерверк атылбайт

Бишкекте экологиялык себептерден улам Жаңы жылга карата майрамдык фейерверк атылбайт

Бул жылы Бишкекте экологиялык себептерден улам Жаңы жылга карата майрамдык фейерверк атылбайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Калаа башчы Айбек Жунушалиев мэриянын кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнө аянттын аймагындагы стихиялуу соода түйүндөрүн өзгөчө көзөмөлгө алып, фейерверктердин сатылышына жол бербөөнү тапшырды.
Ал эми борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык концерт саат 19.00дө башталат. Концерттик программаны ата мекендик артисттер тартуулашат.
Мэрия шаардыктарды “Ала-Тоо аянтында” пиротехникалык буюмдарды колдонуудан алыс болууга, жеке буюмдарына
этият болууга чакырат.