Жарманкеге фермерлер жана өндүрүүчүлөр өз товарларын алып чыгып, арзан баада сата турганы айтылууда. Иш-чара Бишкектин чок ортосунда өтөт.
Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин ар жума сайын салтка айланган айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жарманке ишемби жана жекшембиде саат 09:00дөн 16:00гө чейин баш калаанын Раззаков көчөсүндө Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.
Министрлик жарманкеден айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай өнүмдөрүн, жумуртка, эт, сүт азыктарын, жашылча жана башкаларды ортомчуларсыз, өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алууга болорун айтууда.
Коом Бишкекте азык-түлүк жарманкеси жылдын аягына чейин өтөт