Коом Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат

Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат

Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавируска каршы 12 миң 601 киши эмдөөдөн өттү. Алардын 7,5 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсун өткөн. Калганы вакцинанын биринчи дозасын алды.

Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 3-сентябрда кабарлады. Ушуну менен эмдөөдөн өткөн жарандардын жалпы саны 1 млн. 160 миңге жакындады.

Алардын 692 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алса, 465 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсунан өткөн.

Учурда Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу Студенттик бейтапкананын башкы дарыгери Миңбай Жороев 3-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, эмдөө пункттарынын ичинде үй-бүлөлүк медицина жана соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар.