Коом Бишкекте 16 күндөн бери изделип жаткан адамдын сөөгү табылды

Бишкекте 16 күндөн бери изделип жаткан адамдын сөөгү табылды

Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Биринчи май районундагы Н.Исанов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу барып, суудан 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен 1986-жылы туулган С.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денеси чыгарылган. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Маркумдун өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.