Маданият Бишкекке белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет

Бишкекке белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет

Бишкек шаарына «Даӊазалуу доор» теледолбоору боюнча кеӊири таанылган түркиялык белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Анын сапары Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланышкан жаӊы эл аралык долбоорду (Түркиянын Стамбул шаары) презентациялоого байланыштуу. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган пресс-конференция болуп, жабык гала сый тамак берилмекчи. Мерьем Узерлиден тышкары белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшум, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюран да келе турганы күтүлүүдө.

Мерьем Узерли 2019-жылы Азиялык Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунда төрайым болгон. Ал ошондой эле Жан Марк Валле, Сергей Бодров, «Крестный отецтин» продюсери Ал Ради, актриса Люси Лю, Марвелдин бардык фильмдеринин кастинг директору Сара Финн жана башка көптөгөн атактуу кино ишмерлери менен катар уюштуруучу кеңештин курамында. Фестивалдын өнөктөшү – беш жыл катары менен «Алтын Глобус» көрүнүктүү сыйлыгы аземин уюштуруучу Чет элдик прессанын Голливуддук ассоциациясы.