Коом Бишкек мэриясы мыйзамсыз павильондорду алып, ордуна сейил бак ачты

Бишкек мэриясы мыйзамсыз павильондорду алып, ордуна сейил бак ачты

Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды. Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди.

Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.

Жаңы сквер Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
«Чакан эс алуу зонасы турак жайларга жакын болгондуктан жашоочулар, өзгөчө балдар үйдөн анча алыс эмес жерде ойноп, эс ала алышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды. Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди.