Коом Бир суткада 2 дарыгер вирус жуктурду

Бир суткада 2 дарыгер вирус жуктурду

Бүгүн, 24-ноябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында 2 медицина кызматкери COVID диагнозу менен катталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Эки дарыгер тең Чүй облусунда эмгектенет.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 6912 медицина кызматкери COVID-19 диагнозу менен катталган. Алардын ичинен 6872 адам айыкты.

Ошондой эле акыркы суткада үй карантинден 3 медкызматкер чыгарылды.