Коом Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов каза болду

Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов каза болду

Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов каза болду. Бул тууралуу кесиптеши, устаты Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына жазды.

«Дарыгерлер Алексей Филатовдун өмүрүн сактай албай калышты. Алар болгон аракетин жасашты. Апасына сабыр тилейм. Жаткан жериң жайлуу болсун Лешенька», — деп жазды ал.

Эске сала кетсек, Алексей Филатов буга чейин коронавирус илдетинен улам оор абалда комага түшкөн болчу. Ага ИВЛ аппараты туташтырылган.

Алексей Филатовдун күйөрмандары болсо алып баруучунун соцтармагы баракчасына көңүл айтуу катын жазып жатышат. Филатов Инстаграм баракчасына акыркы жолу 23-августта кирген.

Zoom.kg маалымат порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.