Кыргызстанда коронавирустун нигериялык жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер азыр COVID -19дун ар кандай штаммдарын аныктоо боюнча ишин улантууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, вакцинация – коронавирустан коргонуунун эң жакшы жолу.