Коом Бажы кызматына жаңы жетекчи келди

Бажы кызматына жаңы жетекчи келди

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал тууралуу буйрукка 26-октябрда кол койгону белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы А.Кубанычбековду жамаатка да тааныштырды.

Мамлекеттик бажы кызматын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков башка кызматка которулганына байланыштуу бошотулган.