Коом Баткенде өткөрүлгөн “Салам Мектеп” иш-чарасынын жүрүшүндө мектепке тартылбай калган жаш өспүрүмдөр аныкталган...

Баткенде өткөрүлгөн “Салам Мектеп” иш-чарасынын жүрүшүндө мектепке тартылбай калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок

Баткен облусунун аймагында “Салам Мектеп” иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мугалимдер менен биргеликте мектептерде ата-энелерге, окуучуларга жыйналыштарды өткөрүп, ар бир мектеп окуучунун жүрүм-туруму, билими көзөмөлдөнөт деп билдиришти. Ошондой эле каттоодо турган жаш өспүрүмдөр менен жекече баарлашып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Баткен облус аймагында жалпысынан 248 мектеп бар, ал эми мектепке тартылбай калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя ШИИБнин жана Лейлек РИИБнин кызматкерлери зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун текшерүүгө алды.

Милиция кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте шаар жана район аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын жана соода түйүндөрүн, базарларды, унаа жуучу жайларды, курулуш объектилерди, сейил бактарды текшеришти. Аталган жайларда эмгектенип жаткан 12 жаш өспүрүм аныкталып, ата-энелери менен жеринде профилактикалык иштер алып барылды.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негизинде протоколдор түзүлдү. Райондук балдарды коргоо комиссиясынын кароосуна 7 материал жөнөтүлдү.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы