Коом Бардык социалдык чыгымдар толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат

Бардык социалдык чыгымдар толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат

Мамлекет бардык социалдык маанилүү чыгымдарды, анын ичинде эмгек акыны, пособиелерди жана пенсияларды толук көлөмдө каржылады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
«Бюджеттик ресурстардын чектелгендигине карабастан, мамлекет коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү чараларына, анын ичинде вакциналарды сатып алууга жана медицина кызматкерлерине компенсацияларды төлөөгө, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого өз убагында каражат бөлүүдө.
Мындан тышкары, социалдык тармактын кызматкерлерин колдоо жана материалдык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында саламаттыкты сактоо жана маданият системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүүгө каражат бөлүндү», — деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Алар 2021-жылдын январь-ноябрь айларында жалпы кирешенин жалпы көлөмү 162 миллиард сомду түзгөнүн белгилешти. 2020-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 46,8 миллиардга өскөн. Ошону менен бирге чыгашалар 161,6 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,7 миллиардга көп. Жалпысынан республикалык бюджет 334 миллион сомдук профицит менен аткарылды.
«Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлдү. 2022-жылдан тарта алар 100 пайызга, айрым жеңилдиктер 200 пайызга көбөйөт. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуядан улам Баткен облусун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик ипотекалык кредиттөө системасын өнүктүрүү жана жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын уставдык капиталы көбөйтүлдү. «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК мамлекеттик банктарынын уставдык капиталы көбөйтүлүп, алар чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле кредиттердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга кошумча 4,5 млрд сом бөлүндү.
Республика көп жылдардан бери биринчи жолу өз каражатынын эсебинен заманбап аскердик техникага ээ болду жана аскер кызматчыларынын акчалай пособиесинин өлчөмүн көбөйттү. 2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бюджеттен 2,9 миллиард сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, өлкө жетекчилиги 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон жарандарга электр энергиясына тарифтерди бир киловатт-саатына 50 тыйындан белгилөө чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.