Балдарынын метрикасындагы «атасынын аты» деген графага өз ысымын жаздырган активист Алтын Капалованын иши сотто каралды. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.
«Мен кечээ соттон утулуп калдым, сот менин ысымымды балдардын документинен алып салуу тууралуу чечим чыгарды. Биз балдарды төрөп, бирок өз атыбызды бере албайт экенбиз. Соттошууну мындан ары да улантам», — деп жазган ал.
Эске салсак, жарандык активист Алтын Капалова 2020-жылдын 30-декабрында үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Анда атасынын ысымы жазыла турган жерге өзүнүн атын жазган. Ал муну балдарынан кабар албаган атасын көп жылдык соттук отурумдардан кийин аталык укуктан ажыратып, ушундай чечим кабыл алганын түшүндүргөн.
Ал эми мамлекеттик каттоо кызматы Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Документ берүү жол-жобосунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында сотко кайрылган.