Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованын кийинки Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берди.
«Айсулуу 28 жашта. Көпчүлүк спортчулар 4-5 Олимпиадага катышат. Токиодо Кубанын балбаны төртүнчү алтын медалын утту.
Каори Ичо (балбан айым) деген спортчу дагы төрт алтын медаль жеңген. Кыздар үй-бүлө куруп, кайра кайтып келип, күрөшүп башташат. Ушундай учурлар дагы болгон.
Айсулуу 2024-жылы 31 жашта болот. Ал алтын медаль жеңет деген үмүтүбүз бар», — деди Нурбек Изабеков «Биринчи радионун эфиринде».