Коом Бүгүнкү күнгө күтүлгөн аба ырайы

Бүгүнкү күнгө күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 15-ноябрда Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгалак болот.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда -1…+4

Талас облусунда -1…+4

Баткен облусунда +2…+7

Ош, Жалал-Абад облусунда +3…+8

Ысык-Көл облусунда +5…+10

Нарын облусунда 0…+5

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын температурасы +2…+4 градус болот.