Коом Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына мэр шайланат

Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына мэр шайланат

Бүгүн, 26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди шайлашат. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттаган.

Бишкек шаарынын мэри болууга талапкер — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев. Ал Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталды.

Ош шаарынын мэри болууга талапкер — Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов. Ал шаардык кеңештеги көпчүлүк «Аманат» коалициясынан сунушталды.

Токмок шаарынын мэри болууга 2 талапкер катталган. Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Мамаев «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы», «Эл Биримдиги» партияларынын көпчүлүк коалициясы сунуштады.

Кубатбек уулу Азат «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштары» фракциялары түзгөн азчылык коалициясы тарабынан көрсөтүлдү.