Спорт Бүгүн Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Мелдеш Осло шаарында өтүп жатат.

Учурдагы дүйнө чемпиону Тыныбекова 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Ал 1/8 финалда япониялык Ноноко Озаки менен беттешип, аны 6:4 эсебинде жеңген.

Ал эми 1/4 финалда Беларусь Республикасынын спортчусу Вероника Иванова менен беттешип, аны таза жеңиш менен уткан.

Жарым финалда болсо украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 5-октябрда Тыныбекова алтын медаль үчүн АКШнын спортчусу Кайла Миракл менен күч сынашат.