Коом “Альянс Алтын” экологияны сактоого 11,8 млн сом которду

“Альянс Алтын” экологияны сактоого 11,8 млн сом которду


«Альянс Алтын» пландалган экологиялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз которуп турат жана 3-квартал үчүн 11,8 млн сом өлчөмүндө кезектеги төлөмдү ишке ашырды. Бул тууралуу компаниянын маалыматында айтылат.

Бул төлөм Талас районунун экологиясын сактоо үчүн өткөн II кварталда которулган 9,7 миллион сомго кошумча төлөндү.

Бул каражаттар КР Өкмөтүнүн No559 токтомуна ылайык Талас аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилди.