Коом Акжол Махмудовго Ош шаарынын мэри менен президенттин өкүлү эки бөлмөлүү батир жана 10...

Акжол Махмудовго Ош шаарынын мэри менен президенттин өкүлү эки бөлмөлүү батир жана 10 миң АКШ долларын тапшырды

Токио-2020 олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудовго Ош шаарынын мэри менен президенттин өкүлү эки бөлмөлүү батир жана 10 миң АКШ долларын тапшырды.

Батирди мэр Алмаз Мамбетов «Ош шаардык мэриясынын, Ош облустук администрациясынын, шаардык кеңештин атынан»деп тапшырганы менен, мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» белекти демөөрчүлөр бергенин айтты. Бирок демөөрчүнүн тек-жайын маалымдаган жок.
«Мэриянын бюджетинен 200 миң сом Махмудовго жана анын машыктыруучурларына бөлүндү.

Батирди жергиликтүү курулуш компаниялардын бири берди. Анын атын ачыктай албайбыз», — деди Ош шаардык мэриясынын кызматкери.
Ошентсе да батирдин сертификатын тапшыруу учурунда тартылган сүрөттөн «Визион Групп» курулуш компаниясынын эн белгисин байкоого болот.