Спорт Акжол Махмудовдун Олимпиадада кийген трикосу 26 миң долларга сатылды

Акжол Махмудовдун Олимпиадада кийген трикосу 26 миң долларга сатылды

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге алган балбан Акжол Махмудовдун беттеште кийген трикосу 26 миң долларга сатылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Махмудов Олимпиадада кийген трикосун сатып, андан түшкөн акчаны кайрымдуулукка жумшай турганын айткан. Бүгүн, 25-августта анын спорттук кийими аукциондон 26 миң долларга сатылды. Аукционду жеңген адам 6 миң 500 доллар берип, андан тышкары, чогулган каражат кайрымдуулукка жумшалгандыктан калган катышуучулар 19 миң 500 доллар берүүнү чечкен. Аукциондо трикого белгиленген баштапкы баа 50 доллар болгон.

Акчанын 60%ы дүйнөдө сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан Аруузаттын дарылануусуна берилет. Калган акча дагы башка кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Белгилей кетсек, Аруузатттын ата-энеси кызын дарылатуу үчүн жалпы 2 млн 382 миң 200 доллар чогултушу керек. Учурда ал акчанын 45,7%ы гана топтолгон. Аруузаттын дарылануусуна жардам көрсөтүүнү каалагандар акча которуу үчүн эсептерди Instagramˈдагы @save_aruuzat аккаунтунан таба алат.